"Медиа порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө жакында эле турмушка чыккан ырчы Айпери Кубик кызынын белгисиз мырза менен лезгинка бийин бийлеп жаткан видеосу жүктөлдү.
Анда Айпери Кубик кызы ак жоолук салынып, элдин ортосуна чыгып, белгисиз мырза менен лезгинка бийин бийлеп жатканын көрүүгө болот. Ал эми алардын бийин четте карап тургандар кол чаап, сүрөп жатканы байкалат.
Видеону көргөн социалдык тармактын айрым колдонуучулары ырчы айым жолдошу менен бийлеп жатат деген пикирлерин жазышкан.