Эфиопияда машыктыруучу жана футболчулар оюн учурунда калысты сабап салышты

Эфиопияда машыктыруучу жана футболчулар оюн учурунда калысты сабап салышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Эфиопиянын чемпиондугунун алкагында орун алган "Вельвало Адиграт" жана "Дефенс Форс" футболдук клубдарынын беттешинин жүрүшүндө чыр чыгып кетип, машыктыруучу жана команда мүчөлөрү калысты сабап салышкан.

Эсеп саны 1:1 болуп турган учурда калыстар "Вельвалонун" дарбазасына кирген голду эсептеген. "Дефенс Форс" командасы киргизген голун майрамдап жаткан кезде утулуп калган команда мүчөлөрү жана машыктыруучулар жыйынтык менен макул болбой, калысты артынан кубалап барып сабап салышкан.
Бул ишке полиция кызматкерлери кийлигишип, футболчуларды тынчтандырып, оюнду токтоткон. Болуп өткөн окуядан кийин "Вельвало" клубунун машыктыруучусу кызматынан бошотулган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ernic
2018-05-03 19:43:41
Булар Айтекин, Кошшаи, Чакыр, Эвребе дегендерди өлтүрүп эле салышмакко.))
+8
FCB14
2018-05-03 20:15:55
Ernic, кобунчо чакырды
0
Zidan1
2018-05-03 21:15:51
FCB14,айтекинди даана олтурмок
-1
Dembele84
2018-05-03 20:03:02
Жапайычылык,иштен алып эле тим болбостон ургандардын баарын камаш керек,кийинкилер да кайталабас учун!
+1
Meni_unut
2018-05-04 13:34:01
Чычалаптыр да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан