Борончу Кудайбергенов Астанада өткөн куудулдардын фестивалына катышып келди

Куудул Борончу Кудайбергенов Казакстандын Астана шаарында өткөн эл аралык “Бауржан fest” юмор фестивалына катышып келди. Бул тууралуу куудул SUPER.KG порталына билдирди.

Аталган фестивалга Кытай, Татарстан, Казакстан, Орусия, Армения, Өзбекстан, Украина, Белорусия, Кыргыз өлкөсүнөн барган куудулдар катышкан.

“Казактардын Бауржан Ибрагимов деген куудулу менен таанышмын. Аталган фестивалга мени Бауржан Ибрагимов чакырды. Негизи бул иш чара 3 жылдан бери өткөрүлүп келет. Мага чейин Кыргыз өлкөсүнүн атынан Күмөндөр Абылов, Абды Кадырматов катышкан. Быйыл мен дагы кошулуп, үчөөбүз барып келдик. Казак эли абдан жакшы тосуп алып, сый көрсөтүштү”, - дейт ал.

Ошондой эле Борончу Кудайбергенов фестивалда орусиялыктардын “Кривое зеркало” күлкү театрынын куудул айымы Елена Воробей менен таанышып, пикир алмашканын кошумчалады.

“Келечекте Ысык-Көл жээгинде куудулдар үчүн эл аралык күлкү фестивалын уюштурсамбы деген планым бар болчу. Казакстанга барып келгенден кийин ал оюмду ишке ашыруу мүмкүн экенине ынандым. Буюрса, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтпөй турган жылы фестиваль уюштурам”, - деп билдирди.

Мындан сырткары, куудул орусиялыктардын “Кривое зеркало” күлкү театрында иштөөнү максат кылып жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
haydarkan
2018-05-03 18:50:58
Аа обыдтын алдында чоп чон эле экенсиз )))
+1
titanik32
2018-05-03 19:02:16
Ааа жакшы Бокебиз чооң эле киши экен.Бауржан агам арыктап кетиптир гой.
+2
BekAmir
2018-05-03 20:06:01
Ийгилик кривое зеркалодон королу сизди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан