ЖЫЛНААМА, 4-МАЙ: 14 жашында музыкалык мектепти аяктаган украиналык ырчы Анастасия Каменских 31 жашка толду

Бүгүн украиналык ырчы, актриса жана алып баруучу Анастасия Каменских 31 жашка толду.

Популярдуу ырчы Анастасия Каменских 1987-жылы 4-майда Киевде жарык дүйнөгө келген. Апасы Улуттук академиялык хордо ырдаган. Ал эми атасы волейбол боюнча "Динамо" курама командасынын капитаны болгон. Келечектеги жылдыз 5 жашында атайын долбоордун негизинде Францияга барат. Бирок ал жактын жашоо шартына көнө албай мекенине кайтып келет. 7 жашка чыкканда Италия мамлекетине жарым жылга барып билим алып турган. Анастасия Каменскихтин бир туугандары болгон эмес.

Чыгармачылык менен 6 жашынан тарта алектене баштаган. Тагыраагы, музыкалык мектептин фортепиано классында окуп, 14 жашында мектепти аяктаган. Андан соң Украинадагы №56-мектепте билим алуусун улантат. Орто мектепти аяктагандан кийин 2004-жылы Украина-америкалык гуманитардык институтуна тапшырып, экономика багыты боюнча жогорку билимге ээ болот.

2006-жылы "Потап жана Настя" дуэти түзүлүп, Анастасия Каменских анда ырдап калгандан кийин болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди багындыра баштайт. 2008-жылы ырчылар "Кызыл топучан" ("Красная шапочка") музыкалык тасмасына тартылышкан. Мындан тышкары алар кечелерде жана башка салтанаттуу иш-чараларда алпаруучулук кызматты аркалап келишет.

Ырчы студент кезинде Владимир Дятлов аттуу жигит менен таанышып, сүйүү мамилесин курган. Көп өтпөй сүйүктүүсү Киев шаарынан башка аймакка окуу боюнча которулуп кетип, экөө бири-биринен алыстай түшкөн.

Анастасия Каменскихтин өзү менен чогуу ырдаган Потап менен сүйүү мамилесинде экени, жакында экөөнүн үлпөт тою боло турганы эл арасында, айрым басылмаларда айтылып келет. Бирок ырчылар бул тууралуу эч кандай маалымат беришкен эмес. Учурда көп кырдуу талант ээсинин сүйүү мамилеси миллиондогон күйөрмандарына дале табышмак болуп келет.

Ырчы тууралуу кызыктар:

* 2017-жылы ырчы "NK" деген каймана ат менен жеке карьерасын баштап, "Это моя ночь", "Дай мне" аттуу ырларын чыгарган.

* 2009-жылы "Viva!" журналынын версиясы боюнча Украинанын эң ажарлуу айымы деп табылган.

* "Playboy" жана "Maxim" журналдарынын жүзү болгон.

* "M1" каналында "Guten Morgen!" берүүсүнүн алып баруучусу.

* 2016-жылы "Рассмеши комика. Дети" долбоорунун алып баруучусу.

* 2017-жылы "X-Фактор" долбоорунун 8-сезонунда калыстар тобунун мүчөсү.

* 2017-жылы "NKsport" деген спорттук кийимдер брендин ачкан.

* 2014-жылдан бери "Русская Радиосунда" автордук шоуну алып барат.


4-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан