Ошто "аялын сабап өлтүрдү" деген шек менен кармалган жаран 8 жылга эркинен ажыратылды

Ош шаардык соту "аялын сабап өлтүрдү" деген шек менен кармалган Н.Н. аттуу жаранды 8 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык сот шектүү Н.Н.ны Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркиндигинен ажыратып, күнөлүү деп табылган жаран жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсү белгиленди.

Эскерте кетсек, 2017-жылы 5-август күнү саат 18:55 чамасында милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Исанов көчөсүндөгү үйдө аялдын жансыз денеси табылганы айтылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, маркумдун 1978-жылы туулган О.Н. экенин аныкташкан. Алгачкы иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары маркумдун күйөөсү 1973-жылы туулган Н.Н. кармалган. Ошол күнү ал аялы менен бирге үйүнөн анча алыс эмес жердеги эс алуучу жайдагы бассейнге барып, спирт ичимдигин ичишкен. Андан соң экөөнүн ортосунда уруш чыгып, ал аялын сабап салган. Катуу жабыркаган аялы үйүнө келип каза болгону белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jazdyn_tany
2018-05-03 18:50:26
8 жыл берет, мунапыс , андай-мындай менен 3-4 жылда эле чыгып кетет, бул мыкаачы!
+2
States
2018-05-03 19:31:43
Jazdyn_tany, туура айтасын
0
Mydearzh
2018-05-03 18:50:37
"Жинди суунун" кесепети!
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан