Кечээ, 2-май күнү Ысык-Ата районунда адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук милициясына, райондогу үйлөрдүн биринде кыйкырык, ызы-чуу болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери киши колдуу болуп каза болгон аялдын жансыз денесин табышкан. Бул кылмышка шектелип 31 жаштагы маркум К.А. менен жарандык никеде жашап жүргөн 54 жаштагы А.С. кармалган. Ошол күнү экөөнүн ортосунда чыр чыгып, А.С. жарандык никедеги аялы К.А.ны катуу сабап, соңунда муунтуп өлтүрүп салган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Ошондой эле учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин жана ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатканын кошумчалашты.