Бүгүн, 4-майда Кыргыздын атактуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова 25 жашка чыкты. Олимпиада оюндарынын катышуучусу, Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси, Азия чемпиону жана ири эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Айсулуу Тыныбекова 1993-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Теңдик айылында чоңойгон. Айсулуунун 2 эжеси, агасы жана иниси бар.
Бала кезинен спортко жакын болгон Тыныбекова 8-класска чейин баскетбол ойногонду жактырган, 9-класста таэквондо ийримине катышып, машыга баштаган. Кийин 10-классты бүткөндө күрөшкө кызыгып, машыгууларга олуттуу мамиле кылып, өзүнүн спорттук карьерасын баштаган.
2009-жылы Кыргыз курама командасынын курамына кирип, алгачкы Азия чемпиондугунда коло медалдын ээси болот. Андан кийин да көптөгөн эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон. 2012-жылы Тыныбекова 19 жашында Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алып, анда, тилекке каршы, алгачкы беттешинде эле жеңилүү ызасын тартып 13-орунга гана татыган.
2017-жылга чейин Айсулуу Тыныбекова жаштар арасындагы Азия чемпиондугун жеңип, Дүйнө чемпиондугунда жана башка ири эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды багындырган.
Кыргыз элинин сыймыгы, эл аралык даражадагы спорт чебери Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы 7 ири мелдеште байгелүү орундарга илинген. 3 жолу алтын медаль тагынып Кыргыз желегин желбиреткен. Январь айында өткөн "Иван Ярыгин" мелдешине катышып, балбан кыз 11 Кыргыз спортчунун арасынан жалгыз медаль багынткан.
Февраль айында Айсулуу Тыныбекова Швецияда өткөн “Klippan Lady Open 2017” эл аралык мелдешине катышкан. Бул мелдеште Айсулуу Тыныбекова финалдык баскычка чейин өткөн, бирок жарым финалда алган жаракатынан улам алтын медаль үчүн күрөшүүдөн баш тартып, күмүш медаль тагынып калган.
Ал эми май айында Индияда өткөн Азия чемпиондугунда Тыныбекова 1-орунду ээлеген. Муну менен ал 2-ирет катары менен Азия чемпиону аталган.
Азия чемпиондугунан көп өтпөй Айсулуу Тыныбекова Ислам тилектештик оюндарына катышкан. Анда биздин балбан бардык атаандаштарын жеңип Кыргыз желегин желбиретип, дагы бир алтын медаль тагынган.
Июль айында Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн "Poland Open" эл аралык мелдешине катышкан. Мелдештин жүрүшүндө Тыныбекова Литва, Беларусь, Германиядан келген балбандарды жеңип, финалдык беттеште америкалык Элен Марулистен жеңилип калган. Муну менен спортчу күмүш медаль тагынган.
Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна Айсулуу Тыныбекова мыкты даярдык көргөн. Франциянын Париж шаарында орун алган Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Кыргыз балбаны нигериялык Аминат Олувафунмилайону, жарым чейрек финалда германиялык Лаура Мертензди жеңип алган. Жарым финалда тунистик Марва Амриге туш келип, 7:8 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан. Коло медаль үчүн күрөштө кытайлык Нингнинг Ронг менен туш келген. Беттештин жыйынтыгында 6:5 эсеби менен Кыргыз балбаны коло медалдын ээси болгон.
Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттешинде япониялык Акиё Ханайды жеңип, жарым финалда вьетнамдык балбанга туш келип, аны 36 секунддун ичинде жеңип алган. Мындан соң финалдык баскычта кытайлык Пей Сингру менен күрөшүп 1:4 эсебинде жеңилген. Жыйынтыгында Айсулуу Тыныбекова күмүш медалын тагынган.
Муну менен Айсулуу Тыныбекова жыл ичинде 3 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медалды багынтып, спорттун өнүгүүсүнө салым кошкону үчүн Одесса шаарында болуп өткөн сыйлык тапшыруу аземинде эл аралык "Алтын мангуст" сыйлыгына жана "Даңк" орденине татыган.
Кыргыздын атактуу спортчусу Айсулуу Тыныбекова учурда бойдок.
4-майга карата жылнаама.