Топ-Лига-2018: "Нефтчи" "Кара-Балтаны" 4:0 эсебинде утуп алды

Бүгүн, 3-майда футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 6-туру старт алды. Анда Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү "Нефтчи" командасы "Кара-Балтаны" кабыл алды.

"Нефтчи" стадионунда орун алган беттештин жыйынтыгында 4:0 эсеби катталып, "Нефтчинин" оюнчулары жеңишке жетти. Командалар алгачкы таймды 0:0 эсебинде жыйынтыктап, тыныгууга тарашты. 2-таймдын 62-мүнөтүндө Алишер Тухтасинов эсепти 1:0 кылса, 10 мүнөттөн кийин Отабек Хайдаров айырмаланып эсепти 2:0 кылды. 86-мүнөттө Умидулло Иминов эсепти 3:0 кылып, беттештин акыркы мүнөтүндө Сарварбек Шарипов гол жаратып, оюнга чекит койду.

Муну менен "Нефтчи" 11 упай менен турнирдик жадыбалда 2-орунду ээлесе, "Кара-Балта" 3 упай менен 7-орунда жайгашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Zidan1
2018-05-03 23:26:09
Ozbektergo but ele
0
Abdusamat.kg
2018-05-04 06:48:40
Zidan1,туура
0
Azat.97
2018-05-03 23:45:32
Нефтчи быйыл катуу.Молодец жигиттер
0
King_Messi
2018-05-04 23:09:08
Кыргызстан деле кучтуу болуп калган !!
0
King_Messi
2018-05-04 23:12:14
Нефтчинин оюнчуларынан сборныйга чакырыш керек кобу жаш оюнчулар
0
tomly
2018-05-05 22:08:58
Zidan1 нефтчидеги кыргыздардын жаны азиз бир жыгылса эле жатып алышат
А трейнери азамат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан