Мексиканын Пуэбла штатынын Сан-Мартин-Тесмелукан шаарынын 119 полиция кызматкери ар кандай кылмышка шектелип башкы прокуратурасы тарабынан кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кармалгандардын арасында шаардын коомдук коопсуздук боюнча комиссары жана полициянын башчысы бар. Жетекчилер менен төрт полиция өкүлү башка кызматкерлерден алар антикоррупциялык текшерүүдөн өтүүсү үчүн пара алганга шектелип кармалган. Калган кызматкерлер мыйзамсыз кызматтарды ээлегени үчүн жана башка кылмыштарга шектелип кармалышкан.
Буга чейин Сан-Мартина-Тесмелукан шаарынын 185 полиция кызматкерин Коомдук коопсуздук министрлигинин Пуэбла штатындагы өкүлдөрү кылмыш иштерине тиешеси бар деген шек менен куралдарын алганы айтылат.