Бразилиянын Сан-Паулу штатынын коомдук коопсуздук министри аталган штаттагы 26 кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн себебин атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, өрт көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде жашаган жубайлардын урушунан улам эмес, кыска туташуунун кесепетинен келип чыккан.
"Өрт 5-кабаттагы батирлердин биринен чыккан. 4 адам жашаган батирде бир учурда сыналгы, муздаткыч, микротолкундуу меш токко сайылып турган. Ошол учурда кыска туташуу болуп, өрткө айланган. Эч кандай үй-бүлөлүк уруш болгон эмес", - деген ал.
Эске салсак, 1-майда Бразилияда 26 кабаттуу үй өрттөнүп, урап түшкөн. Анын келип чыгуусуна жубайлардын урушу себеп болгондугу айтылган.