SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө Ырыс Жоомартова режиссёрлук кылган "Шаардык келин Шарапат-2" тасмасы жүктөлдү.
Фильмде ырчылар Алина Жетигенова, Мерген Турган, куудулдар Борончу Кудайбергенов, Гүлжайна Атаканова, Айнура Тургунбаева жана продюсер Назгүл Насиева роль жараткан. Ал эми тасманын биринчи бөлүгүндөгү актёрлор Өмүрбек жана Жоробек Аралбаев тасманын экинчи бөлүгүнө тартылган эмес.
"Тасма 2017-жылы Бишкекте тартылган. Жалпысынан канча чыгым кеткенин айтпай эле коёюн, бирок толугу менен өзүн актай алды. Тартуу учурунда абдан көп кызыктуу окуялар болгон. Алардын ичинен Айнура Тургунбаеванын кудага деп алып келген койду башкара албай аябай күлкүгө бөлөгөнү эсте калыптыр", - дейт режиссёр.
Фильмдин биринчи бөлүгүндө Шарлотта аттуу шаардык кызды айылдык бала алдап айылына алып келет. Экөө баш кошуп, шаардык кыздын айылдагы кызыктуу күндөрү башталганы баяндалса, экинчи бөлүктө анын кайненесинин шаардагы жашоосу чагылдырылган. Тагыраагы, шаардык келин кайненесин ата-энеси менен тааныштыруу максатында айылдан шаарга алып келет...
"Шаардык келин Шарапат-2" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.