Бишкек-Ош унаа жолунда каза болгон 20 жаштагы Санжарбек менен учурда комада жаткан унаанын айдоочусу И.А. кырсык болгон күнү Сары-Челек коругуна бара жаткан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына алардын тууганы айтып берди.
"Мен Санжарбек жана унаа айдаган баланын тууганы болом. Кырсык болгон күнү алар Сары-Челек коругуна бара жатышкан. Ал эми унаадагы эки кыз алар менен чогуу баратканбы же жолдон түшкөн жүргүнчүбү, анысын билбейм. Азыр анын баары тергөөчүлөр тарабынан такталып жатат. Каза болгон тууганыбыз Санжарбек жакынкы күндөрү эле Москва шаарынан келген. Ал эми машинаны тууганым байкесиникин сурап айдап чыгыптыр. Кырсык эмнеден улам болгону боюнча так маалыматтар жок. Бирок унааны көргөн кишилер катуу ылдамдыкта келе жаткан окшойт дешүүдө. Ал эми машинанын рулунда болгон тууганыбыз учурда комада жатат. Каза болгондор жерге бериле элек", - деди ал.
Эске салсак, 3-майда эртең менен Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктан 3 адам каза болуп, бир адам ооруканага жеткирилген. Кырсыктан каза болгондор Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын тургуну 20 жаштагы А.С., экинчиси Кара-Көл шаарынын тургуну 18 жаштагы К.А. Ал эми үчүнчү 20-25 жаштар чамасындагы кыз кишинин аты-жөнү такталбай жаткан. Ал эми унаанын айдоочусу 20 жаштагы И.А. денесинен оор жаракат алып, Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.