Рыскелди Шамиев Кыргыз күрөш федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 3-майда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин имаратында Кыргыз күрөш федерациясы президентти шайлоо максатында жыйын өткөрүштү. Анын жыйынтыгында Кыргыз күрөш федерациясынын президенти болуп Рыскелди Шамиев шайланды. Буга чейин бул кызматты Эмилбек Өмүракунов аткарган. Ал мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Айта кетсек, федерациянын президентинин шайлоосу 4 жылда бир болот.