Маалыматка ылайык, 45 жаштагы борбор калаанын тургуну 2015-жылы чала тааныш адамы анын ишеничине кирип, 41 миң доллар акчасын алдап алып кеткенин айткан. Ал алган акчасын бүгүнкү күнгө чейин кайтарбай жүргөнүн айтып ага карата арыз жазган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Т.Т. аттуу 42 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.