ЖЫЛНААМА, 5-МАЙ: "Тамеки чегүү - менин эң жакшы көргөн ишим" деген британиялык ырчы Адель 30 жашка толду

Бүгүн британиялык ырчы жана аткаруучу Адель 30 жашка толду.

Ал 1988-жылы 5-майда Лондондо төрөлгөн. Ырчынын толук аты-жөнү – Адель Лори Блу Эдкинс. Адель 2 жашка чыкканда атасы үй-бүлөсүн таштап кеткен.

Аделдин музыкага болгон сүйүүсү бала чагында, мектеп курагында эле ойгонгон. Бирок келечекте бул багытта карьера жасоо анын оюна келген эмес. Болгону эртеден кечке чейин ырдап жүрүп, акыры ушул чөйрөнүн адамы экенин түшүнүп, ырсыз жашоо кечире албасына көзү жеткен. "Атак алып келген шаарым" ("Hometown Glory") ырын мектептеги бир кечеде аткарган. Аны досу видеого тартып алып интернет порталга жүктөп салат. Мына ушундан тарта ага белгилүү продюсерлерден иштешүү тууралуу сунуштар түшө баштайт.

19 жашында анын алгачкы "Тротуардагы куугун" ("Chasing Pavements") ыр жыйнагы жарык көрөт. Ошондон баштап Адель ыр ышкыбоздорунун катарын толуктаган. 2011-жылдын 24-январында ырчынын кезектеги "21" деп аталган ыр жыйнагынын бет ачары болуп өткөн. Андагы "Туңгуюкка карай" ("Rolling in the Deep") менен "Сендей бирөө" ("Someone Like You") чыгармалары британиялык чарттардын сап башын ээлеп, хит-параддарда бир канча убакыт 1-орундан түшпөй калган. Аталган эки ыр өз мекенинде эле эмес, Ирландия, Германия, Голландия, Жаңы Зеландия, Швейцария, Австрия, Бельгияда да хит болуп, Аделге болуп көрбөгөндөй популярдуулук алып келген.

Поп, соул, инди-поп, жаз жанрларында ырдаган Адель Америка музыкалык сыйлыгынын "Жылдын артисти", "Мыкты сүрөтчү" наамдарын (2011), "Мыкты поп-рок ырчы", "Мыкты поп-рок альбом" ("Туңгуюкка карай" ("Rolling in the Deep") ыры үчүн (2012) жана башка сыйлыктарга ээ болгон.

Адель тууралуу кызыктуу фактылар:

* Ырчы азыр деле чоң сахнага чыкканда сүрдөп, толкунданат. Бул тууралуу дайыма маектеринде айтып келет.

* Альбомдорун чыгаруу үчүн сандарды колдонот. Мисалы анын "19", 21", "25" деген альбомдору бар. Бул аталыштар анын жашын билдирет. Тагыраагы, биринчи альбомун 19 жашында, кийинкисин 21 жашында чыгарган.

* 2008-жылы 12 миң долларга картина сатып алып, кичинекей баланын өмүрүн сактап калган. Картинанын акчасы балага операция жасоо үчүн жумшалган.

* 2012-жылы "007: Координаты „Скайфолл“ тасмасына жазган "Skyfall" саундтреги үчүн "Оскар", "Алтын глобус" жана "Грэмми" сыйлыгын алган.

* 2014-жылы Британиянын маданиятына жана искусствосуна кошкон салымы үчүн Британия империясынын ордени менен сыйланган.

* Чыгармачылык ийгиликке жетишкенден кийин арыктоого аракет кылбай турганын билдирген. Ал "Мен ырчымын. Арык болуп чыйылдагандан көрө, салмагым бир тонна болсо дагы жакшы ырдаганым маанилүү", - деген.

* Ырчы бактылуу болсо сүйүү темасындагы хит ырларды жарата алмак эмес. Анткени кайгылуу мүнөттөрдө ага ышкы келет.

* 2011-жылы Аделдин үн байламталары жабыркагандыктан операция жасаткан. Мындан улам дарыгерлер тамеки чегүүнү таштоосун айткан. Бирок ал дарыгерлердин талабынан баш тартып: "Тамеки чегүү - менин эң жакшы көргөн ишим", - деп билдирген.

* 2011-жылы Адель Саймон Конекки аттуу жеке ишкерге турмушка чыгып, 2012-жылы Анжело Жеймс Конекки деген уулдуу болушкан. Ырчынын үлпөт тою жашыруун өткөн.

5-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Targarien
2018-05-05 06:14:19
Арыктабай тамеки чегем десен бир кун инфаркт болуп олосун да
-1
KOCMOC
2018-05-05 10:17:25
Туулган кунун менен Адель❤️
+1
Ali-han
2018-05-05 12:24:18
Мен тамекини таштап жыргап калдым. Таза аба менен дем алып
+1
AKCAHAT
2018-05-06 22:08:19
Адель туулган кунун мн! Эн сонун ырчы
0
asha302
2018-05-08 15:00:50
Хэллоу хау а ю?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан