ЖЫЛНААМА, 6-МАЙ: Окуучу кезинде беттин шал оорусуна кабылып "Франкенштейн" атка конгон америкалык актёр Жорж Клуни 57 жашка толду

Бүгүн "Тез жардам", "Түн киргенден таң аткыча" аттуу тасмалардагы ролдору аркылуу атактуулукка жеткен америкалык актёр, режиссёр жана продюсер Жорж Клуни 57 жашка толду.

Ал 1961-жылы 6-майда АКШнын Кентукки штатындагы Лексингтон шаарында төрөлгөн. Атасы Ник журналист жана диктор болгон. Жорж Клуни кичине кезинде эле атасынын жанында жүрүп, көптөгөн съёмкаларга, шоулорго тартылып, көрүчүүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланган. Апасы Нина Брюс жергиликтүү сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болгон.

Актёрдук карьерасын 1994-жылы "Тез жардам" ("Скорая помощь") сериалынан баштаган. Аны менен катар эле "Түн киргенден таң атканча" ("От заката до рассвета") тасмасына тартылган. Бул эмгектеринен кийин жылдызы жанган актёр Голливуддун белгилүү режиссёрлору менен иштешип, "Бейпил түн жана ийгилик" ("Доброй ночи и удачи"), "Гравитация", "Оушендин 13 досу" ("Тринадцать друзей Оушена"), "Оушендин 12 досу" ("Двенадцать друзей Оушена"), "Тыңчылардын балдары" ("Дети шпионов") жана башка тасмаларда көрүнүктүү ролдорду жараткан.

* Орто мектепте окуп жүргөндө бетинин нерв клеткалары шал болуп, "Франкенштейн" атка конгон. Оору менен бир жылга жакын алпурушуп, бир көзү жумулуп, жөндөп тамак жеп, суу иче алган эмес. Бул оору ген аркылуу атасынан өткөн.

* Мектепте окуп жүргөндө баскетбол жана бейсбол боюнча командаларынын оюнчусу болгон. Келечекте атагы чыккан баскетболчу болгусу келген.

* 2009-жылы "Time" журналынын тандоосу боюнча дүйнөнүн 100 таасирдүү адамдарынын катарына кирген.

* Ал актёрлуктан сырткары гуманитардык ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүп келет. Анын ичинде Судандагы этностор аралык кагылышты жөнгө салуу, 1915-жылдары армяндардын өлүмүн геноцид деп таануу, Гаитидеги жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам берүү сыяктуу коомдук иштери бар.

* "Сириана" жана "Арго" операциясы" ("Операция "Арго") тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" наамын алган.

* Жорж Клуни 1989-жылы актриса Талия Болсамга үйлөнүп, экөө 4 жыл бирге жашаган. Андан кийин актрисалар Рене Зеллвегер, Келли Престон, Жулия Робертс, модель Синди Кроуфорд менен сүйүү мамилесин курган.

* 2014-жылы Жорж Клуни юрист Амаль Аламуддинге үйлөнгөн. Түгөйлөрдүн ортосунда Элла аттуу кызы жана Александр деген уулу бар.

6-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
al-abu-kinesz
2018-05-06 12:44:47
Аламудун дейби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан