Ош-Бишкек жолунда катталган жол кырсыгынан каза болгондордун аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын тургуну 1998-жылы туулган А.С., Кара-Көл шаарынын тургуну, 11-класстын окуучусу К.А. жана 1999-жылы туулган Кара-Көл шаарынын жашоочусу Д.Б. болгон.
Эске салсак, 3-майда эртең менен Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктан 3 адам каза болуп, бир адам ооруканага жеткирилген. Кырсыктан Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын тургуну 20 жаштагы А.С., экинчиси Кара-Көл шаарынын тургуну 18 жаштагы К.А. каза болгон. Ал эми үчүнчү 20-25 жаштар чамасындагы кыз кишинин аты-жөнү такталбай жаткан. Ал эми унаанын айдоочусу 20 жаштагы И.А. денесинен оор жаракат алып, Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Каза болгондордун бири жакында эле Москвадан келгенин анын тууганы билдирген эле.