Бүгүн, 4-майда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жакында эле баш кошкон ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын "Таттуу махабатым" аталышындагы концерти болот. Таттуу түгөйлөрдүн концертине билеттер 800-1500 сомго чейин сатылууда.
Концерт көрүүгө келген Гүлмира айым айрым билеттердин баасы 2 миң сомго чейин сатылып жатканын айтат. "Менин билетке болгону 500 гана сомум бар болчу. Кассага барсам билеттер жок экен. Билеттин баарын алып сатуучулар алып, кайра кымбат баага сатып жатышат", - дейт ал.
Концертти көрүүгө келгендердин саны улам көбөйүүдө. Учурда концерт баштала элек.