4-майда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда мега ырчы Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын "Таттуу махабатым" аталышындагы той-концерти өттү. Эки жашты сахнага жар-жар ыры менен ырчы Неля алып чыкты.
Сахнадан "таттуу" түгөйлөр өкүл ата, өкүл эне дайындашты. Алар ырчы Урмат Усенов менен Неля болду. Ал эми өкүл кыздуу, өкүл уулдуу болгон "бал ширин" түгөйлөр эки жашка бакыт каалап, ырларын тартуулашты.
20:38. Нурлан Насип "Таттуу махабатым" аттуу ырын ырдады.
20:43. Кечеде Эркин Рыскулбеков жана Нурзат Токтосунова алып баруучулук кызматты аркалап жатышат.
20:45. Асел Кадырбекова "Жаныңда болсом дейм" аталышындагы ырын аткарды.
21:02. Эки ырчынын кичинекей күйөрмандары сахнага чыгып, эки жаштын жакшы көргөн ырларын аткарышууда.
21:10. Эки жаш концертке келген конокторго арналган тортту кесип, бири-бирине ооз тийгизишти. Андан соң Нурлан Насип апама жаккан ыр деп жубайы Асел Кадырбекова менен бирге "Тамашалуу ыр" аталышындагы ырды аткарып беришти.
21:20. Нурлан Насип сахнага жубайы Асел Кадырбекованы чакырып, биргеликте "Бололу бирге" аттуу ырын аткарышты.
21:27. Сахнага Нияз Абдыразаков чыгып, ырчы Нурлан Насип менен бирге "Алла" аттуу ырын аткарышты. Бул ырды аткаруунун алдында ырчылар залда отурган күйөрмандарын келе жаткан Орозо айт майрамы менен куттуктап өтүштү.
21:31. Нияз Абдыразаков "Эне жүрөгү" аттуу ырын ырдоодо.
21.42. Ырчы Нурлан Насип "Ырчы жигит" аталышындагы ырын ырдоодо. Эки ырчынын таттуу махабаты менен ортоктош болгусу келгендер залдын 100 пайызын түздү.
21:48. Нурлан Насип "Көпөлөгүм" ырын ырдады. Отурган күйөрмандарын "залда ыйлаган кыздар жокпу?" деп тамашага салып, сүрөткө түшкүсү келген бардык күйөрмандары менен сүрөткө түштү.
"Мен бойдок кезиме караганда токтолуп калыптырмынбы? Эми аракет кылып жатабыз", - деген ырчы залдагы ар бир күйөрмандары менен жакын болгонго аракет кылды.
21:51. Ырчы мырза "Мектебим" аталышындагы ырын аткарып, быйыл окууну бүткөнүнө он жыл болгонун айтып өттү.
21:55. Асел Кадырбекова сахнага чыгып ретро ырларынан аткарып берди. Андан кийин өзүнүн кичинекей Камила аттуу күйөрманын сахнага чакырып, ага белекке кулагындагы сөйкөсүн чечип берди.
22:05. Сахнага курбусу жана эжеси болгон ажарлуу айым Кундуз Канатбек кызын чакырып, биргеликте "Самап келем" аталышындагы ырын ырдашты. Ырчы Кундуз Канатбек кызы Аселге бакыт каалап, өзүнүн жакшы ырларынын бирин аткарып берди.
Кеченин алып баруучусу ырчыны сахнадан узатып, залда отурган турмушка чыга элек кыздарга "ким Нурландай балага турмушка чыккысы келсе, сахнага чыксын" деп он чакты кызды чакырды. Сахнага чыккан кыздар ырчы Асел Кадырбекованын гүлдестесин тосуп алууга даяр турушту. Кыздардын ичинен гулдестени тосуп алган Нурайым аттуу ырчы менен эстеликке сүрөткө түштү.
22:20. Алып баруучу Нурзат Токтосунова сахнага Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованы чакырды. Алар хитке айланган "Ашык болуу" ырын ырдап, кечени жыйынтыкташты.
Кеченин аягында концертке келген коноктор эки жаштын таттуу махабаты кошулган даамдуу торттон ооз тийип, үйлөрүнө кайтышты.