Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгынан 50 жаштагы адам жаракат алып, 11 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 4-майда саат 17:30дар чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусу аркылуу өткөн бөлүгүндө катталган. Анда Mazda үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, жол жээгиндеги тосмону сүзүп алган. Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочу жаракат алып ооруканага жеткирилсе, аны менен кошо бара жаткан 11 жаштагы бала каза болгон.