Бишкекте үйлөрдүн бирин мейманкана деп коюп сойкукана катары иштетип жүргөн аял кармалды

Бишкекте үйлөрдүн бирин мейманкана деп коюп сойкукана катары иштетип жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 5-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов кабарлады. Анын айтымында, укук коргоо органдары барган учурда ошол эле жайда үч кыз бир топ убакыттан бери интимдик кызмат көрсөтүп келгени аныкталган. Алардын эң кичүүсү 20 жашта.

"Бишкек ШИИББине жергиликтүү тургундар кайрылып, Ж. аттуу жаран үйлөрдүн бирин көп убакыттан бери мейманкана деп коюп, интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана катары иштетип жатканын айтышкан. Билдирүүнүн негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) менен кылмыш иши козголуп, айтылган даректеги мейманкана 4-май күнү укук коргоо органдары тарабынан тинтүүгө алынган. Тинтүү учурунда сойкукананы уюштурган деген негизде 32 жаштагы К.Ж. аттуу аял кармалды жана жанынан акчалар табылган. Андан сырткары, ал жерде интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген 1993-жылы туулган Б.к.У., 1989-жылы туулган И.Н. жана 1984-жылы туулган Ш.А. аттуу үч кыз кармалган. Ал эми сойкукананы уюштурган деген негизде кармалган К.Ж. Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө иштери уланууда", - деди Оморов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Batma08
2018-05-05 15:15:47
Сойкуларды жер жутуп кетсе экен
+8
nurgaz
2018-05-05 16:11:05
СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ президент болгондон кийин коптогон жакшы иштер болуп жатат. Коптогон коррупциянын бети ачылды, кумарканалар, сойкуканалар табылып жабылып жатат. Алга Сооронбай Жээнбеков!
+13
fantomas
2018-05-05 17:01:40
nurgaz, сенин Жээнбековун чек ара чырларын чечсе болот эле, коррупция менен курошсо болот эле, ыксыз чыгымдарды кыскартса болот эле, мисалы кочмондор оюндарын токтотуп дегендей...

Сооронбай мыкты дейсин, карачы койгон кадрларын (Окмот ж.б.) Бакиев, Атамбаев убагынан бери иши менен эмес, чон кекиртеги менен таанылгандар, колунан иш келбегени менен таанылгандар...


-8
Rifle_I
2018-05-06 10:04:40
fantomas,Жээнбековуң эмес, Кыргызстандын президенти болгондон кийин баарыбыздын президентибиз. Жаман көрсөң да, жакшы көрсөң да 5 жыл айлаң жок.
+1
fantomas
2018-05-06 11:35:45
Rifle_I, аны мен шайлаган эмесмин, мен лично аны президент катары тааныбайм. Ал самозванка, шайлоо жыйынтыктарын бурмалап, элдин добушун сатып алып, коркутканын коркутуп бийликке келген...

Интернетте журот шайлоо куну чала спортик, жарым криминал балдары атасындай кишини ары бери жулкулдатып суйрогону. Милициялар болсо оозун ачып турат. Мына ошолор Сокенин жузу...

Ошол Телибай тентектерди Сокеси менен кошо чокуга чокуга чапса камчы менен.....
-1
fantomas
2018-05-05 17:08:46
nurgaz, Жээнбековундун милициялары жашыруун кумарканаларды тапканы менен аларын эртен эле кылмыш жообунан качып кетет, бок кекиртек сотторго пара берип. Кечоо бир кумаркананын видео козомол турган, бут кассеталар турган кабинетине кире албай эле коюшту го?!!

Сойкулар дейсин, аларды кармаган менен кайра кое берип жаткан сон пайдасы жок. Сойкуларды жазага тартпаса же кимдер экенин коомчулукка жарыялабаса, бул иштерден пайда жок. Сойкуканалар ачык эле иштеп жатат го жуздоп миндеп
-5
Djumahmatov
2018-05-05 16:36:19
Биздин милициялардын коздору жакшы корбойт окшойт тим эле кыйратышкансып Кулиевадагы сойкуларды тыйышпайбы ачык эле журушот жашыруун эмес эле кочолоп чыгып алышкан ошол жерден отуудон уяласын 3 сойку кармадык деп кыйын болушатда жанды кашайтып
+9
patiydin
2018-05-05 19:50:11
Доля бербесе керек дааааа́ааааааааа. Ошону учун кармалган.
+3
TalaCSKA
2018-05-05 23:14:03
Ушул да жанылыкбы мен милиция болбой туруп эле бир тундо ошондой жайлардын хоть 20 адресин тап берем !!!
+1
Rifle_I
2018-05-06 10:07:01
Милицияларга бир аз багыт.
Кулиев көчөсүнө машинамы коюп кетип, бир аздан кийин келсем жанында бир эже отургн экен. Чачтары майланышып, кийимдеринде ар жеринде бир нерселер төгүлгөн окшойт. Мага "жаңы свежий кыздар келген, кирбейсиңби" дейт. ХХХХХ,өзүн көрсөң кускуңу келтирет.

Ошолорду кармасын милиция.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан