Таласта көз жарган 15 жаштагы окуучу кыздын жигити камакка алынды

Таласта көз жарган 15 жаштагы окуучу кыздын жигити камакка алынды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"3-майда 15 жаштагы өспүрүм кыз төрөгөндөн кийин 4-майда 23 жаштагы жигити кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) менен айыпталып жатат. Учурда убактылуу кармоочу жайда кармалып турат, баш коргоо чарасы каралганга чейин ошол жакта болот. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин Талас шаарында 15 жаштагы мектеп окуучусунун көз жарганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Missing-u
2018-05-05 13:55:21
Наристенин омуру узун болсун ата-энеси менен болуп бактылуу балалыкта омуру отсун,экоон уйлоп коюшсун ылайым ушунча болуптур. Билим беруу башкармалыгын,мектепте иштеген мугалим директорлорду,торогон кызды кысымга албагыла
+30
ainur78007
2018-05-05 14:05:13
Missing-u,бирок,алган сон Бир ай жашап кетиптир ийсечи.Милдеттуу турдо ошол Кыз мн бирге жашап баланы чонойтосун,болбосо кайра камаласын деген условия мн чыгарыш керек.
+57
Erjigit15.kg
2018-05-05 14:16:37
ainur78007,Туура айтасың ошондой кылыш керек
+23
Asman...
2018-05-05 14:17:29
ainur78007,туура айтасыз
+14
Batma08
2018-05-05 14:15:24
Чоон эле бала экенсинго жашы жеткен кызга уйлонуп алса болмок
жаш кызды кыйнап алдабай торош кыйынго
+18
zhaku2017
2018-05-05 14:22:37
Туура камаш керек.
+5
kadyrym1
2018-05-05 17:12:34
Уйлонтуп койгула
0
Bekboloooot
2018-05-05 21:33:46
Үйлөгөн менен деле эмне ал 23 жаштагы аны сүйүп жашайт беле?!

Көзүнө чөп салат баары бир прикин 15 жашар кыздын боюна бүтүрүп койгондон эмнени күтсө болот?!

Лучшее камаш керек, ал жигиттен жакшылык күтүп болбойт.Уят 15 жашар кызды төрөтүп койсоо кааап ...

Лично мага камаганы оң жашы жете элекменен катнашка барган статья менен!
+7
muslim87
2018-05-05 21:35:20
Кыз 18 жашка чыкканга чейин бала камалып өз жазасын алуусу керек антпесе ушундай кылса боло берет экен көп болсо үйлөнөбүзда деп мындай жолго баргандар болушу мүмкүн. Кыз 18 ге чыкаандан кийин баланы бошотуп мыйзамдуу түрдө экөөсүн үйлөнтүү керек. Кыздын ата-энеси да өз жазаларын алуусу керек.
+3
aziza2018
2018-05-06 09:39:38
muslim87, кыздын Ата энеси эмнеге жаза алышы керек???? Кызын алып барып салып бериштиби?? Кыз дагы жакшы суйлоп койсо алданып кучагына кирип кетпеши керек болчу!!! Женил ойлуулукка алдырып коюптур да.
+1
muslim87
2018-05-06 12:42:49
aziza2018, ошо кызын жакшы сүйлөп койгонго эле жатып бере турган кылып кызын ээн эркин коё берген ата-энесинде күнөө кызга 40 үйдөн тыйуу дейт кызын тыйып жакшы тарбиясын берүүсү керек эле. Кызы кечеге барам десе ал жака дискотекага барам десе ал жака жиберип жүргөн ата-энесинде эмей кимде анан күнөө көп баскан аяк бок басат
0
nurhan2702
2018-05-07 15:38:54
Уят эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан