Бишкектеги 7-Апрель көчөсүндө улгайган аялды автобус сүзүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жол кырсыгы 5-май күнү эртең мененки саат 8:30дар чамасында болгон.
Маалым болгондой, жол четинде жаткан желим бөтөлкөлөрдү баштыкка чогултуп жүргөн 72 жаштагы кемпирди жүргүнчү ташыган №7-автобус сүзүп алган. Кемпир жаракат алгандыгына байланыштуу Улуттук госпиталдын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгени маалым болду.