Аламүдүн районунда жол тандабас күйүп кетип, бир адам каза болду (фото)

Аламүдүн районундагы Ленин айылында Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаа күйүп кетип, бир адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге кырсыкка күбө болгон Айдана Абдыкалыкова аттуу жаран кабарлады. Анын айтымында, Тойота Прадо жолдо бараткан КамАЗды сүзүп, андан соң күйүп кеткен.

"Кырсык Ат-Башы көпүрөсүндө бүгүн, 5-май күнү саат 18:30 чамаларында катталды. Анда Тойота Прадо унаасы алдында бараткан КамАЗды сүзүп алып, андан кийин күйүп кетти. Унаада жалпы үч адам болгон экен. Бирөө каза болуп, экөө жаракат алды. Жаракат алгандардын бири жаш бала экен. Аларды "Тез жардам" унаасы алып кетти", - деди күбө Абдыкалыкова.

Ал эми кырсык боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады. "Кырсык болгон жерге өрт өчүрүү тобу чакыртылып, саат 19:25 чамасында күйүп жаткан унаа өчүрүлдү. Жол кырсыгынан бир адам каза тапса, эки адам жаракат алган", - дешти ӨКМдан.

Жол тандабас күйүп кетип бир адам каза тапты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Abdullatif
2018-05-05 22:08:54
Акырын айдабайсынарбы
+2
Miss.erkewka95
2018-05-05 22:10:55
Эки саат аралыгында эле 3 авто кырсыкты жаңылыктарга коштуңар. Саат айланбай, адам өмүрүн алып жатса, чоң маселе катары көтөрүп чыгып, чара көрбөйсүңөрбү?
Тиги жакта олтурган 300 ашуун "Акылдуусунган, кеңешчилер" эмнени акылга салып, эмнени кеңешип олтурушат?
Каттуу текшерилсин: айдоочулук күбөлүктөр (сатып алганбы, окуп алганбы) жолдо илинген белгилер, светофорлор (кээде иштебейда калат, каралбай кыйла турат) жолдорду оңдоо, түздөө иштерин да тездетип,
+8
Miss.erkewka95
2018-05-05 22:21:45
Өлүмдүн алдын алгылачы, "Текшергичтеринер" да укмуштай. 200 сомду кармата салса, койуп жиберет. Эми тиги өлгөнгө 200сом бергилечи, кайра тирилип тураар бекен?

Жолдордуда оңдоо, түздөөсүн тездетүү кажет. Бизде шоферлор, чуңкур, тешиктерден качып, машиналарын аяп, көп сүзүшө кетишет...
Машиналардыда башка өлкөлөрдүн срогу аяктап, айдоого мүмкүн эмес болуп калгандарын киргизип аласыңар, тыкшыртып. Растаможкасыда бир оңой. Киргизбеш керек ошолорду.
+4
Kylychisa
2018-05-06 00:00:47
Miss.erkewka95,Менимче жазып айтып койуу оной эле☺️ бирок айдоочулардын баарын бирден мамлекет козомолдой албайтта.ажал деген уйдо жатса деле алып кетет, ошого баарына эле окотту куноолоо болбойт ар бир адамдын поступкасына жараша жашоо боло берет деп ойлойм.
+5
naka11
2018-05-05 23:54:51
Кырсыкка тигини же муну күнөөлөп кереги жок. Бир гана айдоочу күнөөлүү үйүнө 15 минутага эрте барганда тим эле жумуш бүтүрүп салчудай болуп айдашат. Көбүнчө джип айдагандар болот анткени алар асмандан түшкөнсүп айдашат.
+6
altyn7776
2018-05-06 00:47:30
Окуп алгандар жокко эсе... баары коррупция. Ошого гулдоп атат да каргаша. Мына Россиядан айдоо куболугун алдырып жатышат 18 мин сомго. Мына коррупция. Тыкыр изилдениш керек.
+2
Patriot...kg
2018-05-06 07:22:45
☺️
0
Mers124
2018-05-07 10:19:23
Кененирээк жазгылачы. Гбо газдан эмес бекен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан