Ырчы Руслан Абылов концертинде "Кыргыздын мыкты жигити" наамы менен сыйланды

Бүгүн, 5-майда ырчы Руслан Абылов Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында тушоо кесүү концертин өткөрдү. Бишкектеги алгачкы концертине толук 2 ай даярданган ырчы эл алдына чыгар астында толкунданды.

"Сахнада жүргөнүмө билинбей эле 5 жыл болуптур. Алгачкы отчёттук концертим болгондуктан абдан толкунданып жатам. Тушоо кесүү концертиме атайын дизайнерлер иштешип 4 костюм тиктирдим. Ага 80-90 миң сомдой акча кетти. Ал эми сахнаны жасалгалоо үчүн 300 миң сом короттум", - дейт Абылов.

Концертин ачылышында Руслан Абылов сулуу бийчилердин коштоосунда сахнага чыгып, репертуарындагы "Дария", "Башка жанга чалба" жана башка чыгармаларын аткарды. Ырчынын алгачкы жеке концерти менен куттуктап Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова, ырчылар Нурмат Садыров, Султан Садыралиев келип, ыр-белектерин тартуулашты.

Концерттин жүрүшүндө Руслан Абылов чыгармачылыгына чоң салымын кошкон Добрга ыраазычылыгын айтып, экөө биргеликте "Бийкеч" аттуу ырын ырдашты. Бул убакытка чейин эстрада жанрында ырдап жүргөн ырчы Бек Медетканов менен алгачкы жолу аккардеондун коштоосунда "Күлгүн жаш", "Жалгыздык" аттуу ырларды жандуу ырдашты. Соңунда продюсер Астра Исмаилова Руслан Абыловго Кыргыз Республикасынын "Асылзат" коомдук фондунун атынан "Кыргыздын мыкты жигити" деген сыйлык тапшырып, колуна күмүш саат такты.

Ырчы Руслан Абылов концертинде "Кыргыздын мыкты жигити" наамы менен сыйланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
ilgiz-kg01
2018-05-06 00:41:08
Банкрот болбодунбу концерт берем деп болбосон эле болду талыкпай эмгектенип аракет кыла бер үзүрүн кудай берет
-1
bond02
2018-05-06 01:02:36
оо укмуш концерт берген окшойсун айтымында, бирок дальше элдин журогунон орун ала аласынбы деген суроо туулат да.
-1
aza84
2018-05-06 02:24:32
40эле процент келгенго
+2
gulzat85
2018-05-06 02:43:49
Бул кайсы ырчы??
+7
Jeka1996vip
2018-05-06 05:00:35
Сахнасы кечооку насиптен калган го)мейли эми тай тай тай
0
Nevestkaa
2018-05-06 09:47:19
Добр мынча семирген.
0
Rifle_I
2018-05-06 10:01:51
"Кыргыздын мыкты жигити" наамын кандай аракеттер үчүн же кандай салымыбыз үчүн алат ?
+4
Asem89
2018-05-06 16:24:29
аккардеондун
0
Baatirbek81
2018-05-07 00:05:36
Атаңды дагы жакшы карачы братишка акчаларыңды асманга сапырбай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан