Бүгүн Чолпон-Атада Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча мелдеш старт алат (оюндардын тизмеси)

Бүгүн, 6-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 9-Май - Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш старт алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Аталган мелдеште 4 команда Жогорку Лигада жана 6 команда Биринчи Лигада беттешмекчи. Жогорку Лигага өлкөнүн мыкты командалары кирди, алар "Достук", "Ынтымак", "Четинди" жана "Биримдик" командалары. Бул командалар беттешти жарым финалдык баскычтан баштап, алгачкы жеңиши менен эле финалга өтмөкчү.

Ал эми Биринчи Лигада "Сары-Өзөн", "Көк-Жал", "Аафият", "Толкун", "Жаш-Күч" жана "Жаш-Тилек" командалары "А" жана "Б" тайпаларына бөлүнүп, айлампа түрүндө өз ара беттешмекчи.

Биринчи Лиганын тизмеси:

"А" тайпасы:

"Сары-Өзөн"

"Көк-Жал"

"Жаш-Күч"

"Б" тайпасы:

"Аафият"

"Жаш-Тилек"

"Толкун"

6-майда боло турган беттештер:

10:00 "Көк-Жал" - "Сары-Өзөн"

11:30 "Жаш-Тилек" - "Толкун"

13:00 "Достук" - "Четинди"

14:30 "Ынтымак" - "Биримдик"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nurgaz
2018-05-06 10:04:58
Алга "ДОСТУК" командасы!!! Силердин чемпион болушунарга биз ишенебиз.
+2
FCB14
2018-05-06 10:30:50
Достук Алга Эл силер менен!
ынтымак судья менен.
0
kanima
2018-05-06 11:06:31
FCB14,бугун барсага да ийгилик буйурса
-3
Syimyk.isaev
2018-05-06 12:27:57
kanima,кок бору жонундо болуп жатат... Барсанын кандай тиешеси бар?
+1
bek-94
2018-05-06 10:59:38
достук чемпион ийгилик
0
urmat94
2018-05-06 11:16:08
Кок боруну неге прямой эфирден корсотпойтат
+3
Dastanke2014
2018-05-06 11:34:33
Ийгилик баарынарга, Кайсы команда утаарын калыстар чечет.
0
MEDER_KULETOV
2018-05-06 12:38:09
кучтуусу женсин
0
fantomas
2018-05-06 12:57:54
Кечооку женуучу Бакубат-Талас командасы корунбойт го?!! Редакция билип жообун жазып койсо жакшы болоор эле. Четинди командасынын ордуна ошол команданы кошуш керек эле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан