"Локомотив" футболдук клубу 14 жылдан кийин Орусия чемпиондугун багындырды

Москванын "Локомотив" клубу Орусиянын футбол боюнча биринчилигин жеңип алды. Орусия биринчилигинин 29-турунда Юрий Сёминдин командасы өз талаасында "Зенитти" кабыл алды. Беттештин 87-мүнөтүндө Эдер Масед айырмаланып, командасына 1:0 эсебинде жеңиш алып келди.

30 турга созулган Орусия чемпиондугунун 29 турунда "Локомотив" 60 упай топтоп, 1-орунду ээледи. 56 упай топтогон "Спартак" 2-орунда жайгашса, 3-орунда 53 упай менен "Краснодар" командасы жайгашууда. "Локомотив" чемпиондуктун бүтөрүнө 1 тур калганда 2-орундан 4 упай ашып, жеңишти багындырды.

"Локомотив" футболдук клубу акыркы жолу Өлкө чемпиондугун 14 жыл мурун багынткан. Муну менен клуб өз тарыхында 3-жолу Өлкө чемпиондугун жеңди. Буга чейин "Локомотив" командасы 2002 жана 2004-жылдары дагы Юрий Сёминдин башкаруусунда чемпион аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nukura_jigit
2018-05-06 09:13:22
Туугандар Барса-Реал беттеши саат канчада болот ? Бишкек убактысы боюнча
0
FCB14
2018-05-06 09:41:33
nukura_jigit,00:45 те болот
+1
FCB14
2018-05-06 09:42:44
Админ Барса реал Ел Классико болот, ошол жонундо чыгарсан.
+1
salman-dastan
2018-05-06 15:23:54
молодцы Локомотив. аябай катуу майрамдашты.Болельшиктер да "Мы чемпионы" деп кыйкырып журушту го тан атканча.
0
King_Messi
2018-05-06 21:14:32
Быйыл баягы саткын Кичин ойногон команда кошулат учунчу местада келип жатат 4местадан 11ачко алдыда Азия 2019 ка кайтып келсе жакшы болмок
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан