Кыргыз дзюдочулар Орусияда өтүүчү Европа кубогуна катышат

Кыргыз спортчулар Орусияда өтүүчү дзюдо боюнча Европа кубогуна катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынан билдиришти.

12-13-май аралыганда Орусиянын Оренбург шаарында өтө турган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 5 эркек жана 4 кыз-келин катышат. Алардын арасында өлкө чемпиондору Бекбоо Апышов, Назима Амантурова жана Ксения Бельдягина бар.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

Эркектер арасында:

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Бекбоо Апышов;

66 килограммга чейинки салмак ченинде: Алмаз Алтынбек уулу, Айдин Мухтаров, Алибек Чороев;

90 килограммга чейинки салмак ченинде: Шахриёр Идрисов.

Кыз-келиндер арасында:

52 килограммга чейинки салмак ченинде: Назима Амантурова;

57 килограммга чейинки салмак ченинде: Ксения Бельдягина, Зирегүл Кадырова;

70 килограммга чейинки салмак ченинде: Айжан Кадырбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан