Бүгүн футбол боюнча Испания чемпиондугунун алкагында "Реал Мадрид" жана "Барселона" командаларынын беттеши орун алат
Бүгүн, 6-майдан 7-майга караган түнү футбол боюнча Испания биринчилиги Ла Лиганын 36-турунун алкагында "Эль Класико" аталышындагы беттеш орун алат. Анда каталогиялык "Барселона" өз талаасында мадриддик "Реалды" кабыл алат.
Дүйнө жүзүндө футбол сүйүүчүлөрүнүн көңүлүн бурган беттеш Барселона шаарындагы "Камп Ноу" стадионунда орун алат.
Аталган эки команда 1926-жылдан бери ар түрдүү мелдештердин алкагында 239 жолу кездешкен. Анда "Барселона" "Реалдын" үстүнөн 94 жолу жеңишке жетсе, "Реал Мадрид" 96 жолу жеңишти майрамдап, 49 беттеште тең эсеп катталган.
Эки команданын акыркы беттеши 2017-жылдын декабрь айында орун алган. Анда "Сантьяго Бернабеу" стадионунда орун алган беттеште "Барселона" командасы 3:0 эсебинде жеңишке жеткен.
"Реал Мадрид" - "Барселона"
Стадион: "Камп Ноу" (Барселона шаары)
Калыс: Алехандро Эрнандес
Башталышы: 00:45 (Бишкек убактысы боюнча)