Орусиялык белгилүү муз үстүндөгү бийчи Евгения Медведева аны 11 жыл даярдаган машыктыруучусу Этери Тутберидзе менен иштешүүсүн токтотот. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, мындай маалыматты Медведева машыгып жүргөн спорт борборунун жетекчилиги айтып чыгышкан.
Ошондой эле аталган маалыматта Медведеванын мындай кадамга баруусуна Этери Тутберидзенин дагы бир белигилүү окуучусу Алина Загитова менен болгон атаандашуусу себеп болгону айтылат. Анткени Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өткөн кышкы олимпиада оюндарында Евгения Медведева экинчи орунга ээ болсо, Алина Загитова биринчи орунду багындырган болчу.
Андан сырткары басылмалар Медведеванын жаңы машыктыруучусу канадалык Брайан Орсер болорун да жазышууда.