Интернетте "Ырчы Жумагүл Раимжан кызы мэрдин 2-аялы" деген кеп тарады. Талкууга алынган мындай билдирүүдө ырчы Анжеликанын да ысымы аталып, экөөнүн окшоштук жактары бар деп жазышкан.
Бул боюнча Жумагүл Раимжан кызына байланышканбызда SUPER.KG'ге төмөнкүдөй жооп берди.
"Мен өзүм окуп алып, эмнени гана ойлоп табышпайт деп, нес абалда калдым. Оштун мэри Айтмамат Кадырбаевди шаар башчысы катары эле тааныганым болбосо, таптакыр алакабыз жок. Ошондуктан менде эч бир коркунуч же санаа тартуу болгон жок. Анткени менин тааныштарым, мени билгендер кандай жүргөнүмдү жакшы билишет жана бул калп сөзгө ишенишпейт.
Бул кеп тараган баракча ар дайым ырчы Анжеликаны каралап келет. Мен болсо ал менен чогуу ырдап, кечелерде чогуу жүрүп калам. Балким, Анжелика менен жакын мамиледе болбосун деген ойдо анын каршылаштары чыгарып жаткандыр", - деди ал.
Жумагүл Раимжан кызы кыргыз музыка сүйүүчүлөрүнө "Оорусаңыз таарынам", "Замандаш", "Жашоо кызык", "Сүйүү бакыты" жана башка ырлары менен белгилүү.