Түркиянын маалымат каражаттары Стамбулда өзү багып жаткан кемпирди сабады делген аялдын сүрөтүн жарыялады

Түркиянын маалымат каражаттары Стамбулда өзү караган 88 жаштагы кемпирди сабады деп кармалган аялдын сүрөтүн жарыялады. Буга чейин улгайган аялды сабаган - Кыргыз жараны экени маалымдалган.

Түркиялык маалымат каражаттарынын жазганына ылайык, А.А. аттуу Кыргыз аял соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. А.А.нын өзү баккан аялды сабап жатканы видеокөзөмөл камерасына түшүп калган. Камера 88 жаштагы улгайган аял Шазийе Гүндюз ушул жылдын 13-мартында буту сынып ооруканага түшкөндөн кийин орнотулган. Анткени улгайган аялдын жакындары аны баккан аялдан толук түшүндүрмө ала албай коюшкан. А.А. Гүндюздүн жакындарына түнкүсүн дааратканага барам деп жатып жыгылып кеткен деп айтып берген. Бирок анын жакындары анын бул жообунан шек санап, үйгө видеокөзөмөл камера орнотушкан. Сабалган аял оор абалда ооруканага жеткирилгенден кийин алар камерадан А.А.нын өзү баккан аялды сабап жатканын көрүп, полицияга арыз жазышкан.

Окуя боюнча соттук отурум ушул жылдын октябрь айында боло тургандыгы маалыматта жазылган.

Улгайган адамды сабады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
NURSAPAR
2018-05-06 18:00:50
Шумдук го,таш боор неме окшойт, энеси менен тең адамды. Кантсе да жаман иш болуптур. Акыркы убактарда адамдарда мээрим,боорукерлик,сабырдуулук сыяктуу жакшы сапаттар азайып бараткандай
+5
senchi
2018-05-06 18:28:58
Озунда ХХХХХХ керек
+3
Aidaraly
2018-05-06 18:50:19
Эх адамдар кайда бара жатабыз. Эми ал жакта иштеген башка мекендештерибизге кыйын болот
+6
ilgizk
2018-05-06 20:37:36
Кыргыз эжени камаш керек,
+8
aksy94
2018-05-06 21:11:51
Бул аялды да ХХХХХХ ошол кемпирдин артынан акча таап уй булосун багып жатып ушул ишти кылган акмак камап салыш керек
+8
gul3ina
2018-05-06 21:23:22
Бетин эмне жашырып койдунар ачып койбойсунарбы?
+7
Chungyz
2018-05-06 22:30:30
Бети кадимки бет
+3
titanik32
2018-05-06 23:00:40
Элдер сүрөтүн жарыялап жатса силер бекитип коюпсуңар го.
+9
Saikyli
2018-05-06 23:34:17
Бирого жамандык корсотсо ошону оз башына келмейинче олбойт дешет так что эч шашпасин бул кыргыз аял калаты алат жазасын.......
+2
Birimdik5555
2018-05-07 01:26:44
Видеодогу аял башка окшойт чачы кара анан семиз экен,суроттогу болсо анчалык семиз эмес экен го
+4
raia
2018-05-07 07:03:57
Озу деле карылыка жакындап калган чон аял окшойт.Колу мойундарына бырыш тушуп калыптыр.Кантип колу барды.Алган акчасын актабаптыр да.Бул да болсо Аллахымдын жазаасы эми турктордун турмосуно камалат.Кыргыз элинин атын булгап жашы отуп калганда шерменде болгону ушу...
+4
patiydin
2018-05-07 08:40:29
Урматтуу редакция! Сиздерден сураныч кылмышкердин жузун так корсоткулочуу. Себеби мындай инсандарды коомда коруп койсун.
+5
aida007
2018-05-07 14:46:59
Супер суротун жарыялады деп туруп озунор очуруп койгонунар эмнеси?анда неге чыгардынар? Бизге да кызыныз суроту жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан