Көк бөрү боюнча республикалык мелдештин финалында кайрадан "Достук" менен "Ынтымак" беттешет

6-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 9-Май - Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш старт алды. Анда Жогорку Лигада финалга аттанган командалар аныкталды.

Маалым болгондой, Жогорку Лигага өлкөнүн 4 мыкты командасы тандалган. Алар дароо жарым финалдык баскычтан күч сынашып башташты. Чүчү кулактын жыйынтыгында "Достук" "Четинди" командасы менен беттешсе, "Ынтымак" командасы "Биримдик" менен беттешти.
"Достук" - "Четинди" беттеши 15:3 эсеби менен жыйынтыкталса, "Ынтымак" менен "Биримдиктин" беттеши 5:3 эсеби менен аяктады.

Муну менен 9-май күнү 1-орун үчүн беттеште "Достук" менен "Ынтымак" командалары кез келишсе, 3-орун үчүн "Биримдик" менен "Четинди" командалары ойнойт.

Ал эми Биринчи Лиганын "А" тайпасында "Сары-Өзөн" командасы "Көк-Жал" менен беттешип, 4:2 эсебинде "Сары-Өзөн" жеңишти илип кетсе, "Б" тайпасында "Жаш-Тилек" менен "Толкун" командалары кез келип, беттештин жыйынтыгында "Толкун" 8:4 эсебинде жеңишке ээ болду.

Биринчи Лиганын тизмеси:

"А" тайпасы:

"Сары-Өзөн"

"Көк-Жал"

"Жаш-Күч"

"Б" тайпасы:

"Аафият"

"Жаш-Тилек"

"Толкун"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
aza84
2018-05-06 20:28:18
Талас любой жерде намысын бербейтко эмнедеп жазсанарда Ынтымак чемпион и чемпион боло берет
-14
Bekzamann
2018-05-06 20:46:43
Достук женет! Ким кучтуу экени коронуп турбайбы 15:3
0
Beksultanshumkarbekov
2018-05-07 01:29:22
Bekzamann,слабый команда менен ойноп жатса 15:3 болот да
+3
bayhan
2018-05-07 08:37:14
Bekzamann,Ынтымак ал четинди эмес Достуктан утулгудай, славый командага күчтүү боло берет, даже Биримдикти мынчалык айырма менен уталбайт Достук.
+1
toha
2018-05-06 21:08:02
туугандар бирин достук бирин ынтымак дебей кучтуусу женсин десенер эки команда тен кыргыздын жигиттери болгону болунбогуло кучтуусу женсин
+17
Ernic
2018-05-06 23:09:21
toha,Туура.
+3
FCB14
2018-05-06 21:10:21
Достук Барса ийгилик
-2
nurgaz
2018-05-06 21:10:35
Достук ынтымакты женгиле, алга достук. Достук командасы намыстын кандай экенин корсоткуло. Достук чемпион!
0
modem4999
2018-05-06 21:17:29
Экоонун бироосу точно женет
+4
Salaf
2018-05-06 21:28:50
Манастын урпактарына ийгилик. Эки команда бириксе Кыргыздын бир эле курама командасы болот, т.а бир бүтүн Кыргызстан болот. А силер эмнеге бөлүнүп жатасыңар?!
+9
Ernic
2018-05-06 23:10:07
Salaf,Достук оштун командасы ошолор болунуп жатат. Анан болунбогуло дейт.)
-2
Bekzamann
2018-05-07 04:56:41
Ernic,Канат баштады окшойт.
+3
Syimyk.isaev
2018-05-06 22:17:19
Кыргыздан Достук,Испандан Реал женсин!
-6
Chungyz
2018-05-06 22:28:04
1
-1
Mehazahn57
2018-05-06 22:35:35
Эль классико
0
wwwonline
2018-05-06 22:53:37
Birimdik Dostuk menen oinogondo Dostuktu utup finalga chykmak, emnege Birimdikti ataiylap jenilsin dep Yntymak menen oinotushtu.
-7
bayhan
2018-05-07 08:39:08
wwwonline, толугу менен сизге кошулам и колдойм
-4
fantomas
2018-05-06 23:36:00
Достук менен Биримдикти ойнотуш керек эле. Биримдик Достукту женээринен кумонум бар, хотя Биримдик Достук менен тентайлашчу кучтуу команда... Достук ошондо чыналмак, утулса утулмак. Ынтымак менен Биримдик отконку жарым финалда ойношкон. Бул жолу Достук менен Биримдиктин ойногону туура болмок...
-1
Lilireinhart18
2018-05-07 10:06:09
Оюн боло элек эле уруш го, козу ачыктар ынтымак женет ,достук женет деп эми оюн буткондон кийин да комментарийге толуп уруш болуп бирин бири сокмой башталат экен да ынтымагы жок кыргыз
+1
Soni130587
2018-05-07 10:41:12
Эки командага тен ийгилик жакшы оюн откорушсун бар бол кыргыздын жигиттери
-1
Karakash
2018-05-07 12:00:30
Эмнеси болсо да кучтуусу женсин. Негизинен Канат Бегалиевди оюнга алып баргыла.Бир соз айтып келсин.Болунгонду жактырат болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан