6-майдан 7-майга караган түнү футбол боюнча Испания биринчилиги Ла Лиганын 36-турунун алкагында "Эль Класико" аталган беттеш орун алды. Анда каталониялык "Барселона" өз талаасында мадриддик "Реалды" кабыл алды.
"Камп Ноу" стадионунда орун алган беттеш 2:2 эсебинде аяктады. Эсеп санын 10-мүнөттө талаа ээлери ачты. Луис Суарес атаандашынын айып аянтчасында кароосуз калып, таамай сокку менен Кейлор Наваска тосууга мүмкүнчүлүк калтырбай эсепти 1:0 кылды. Буга "Реал Мадриддин" оюнчулары 5 мүнөттөн соң Роналдунун голу менен жооп кайтарды. 1-таймдын акыркы мүнөттөрүндө Сержи Роберто кызыл айып кагазына туш болду, ал оюн талаасын таштап, мындан улам "Барселона" 10 оюнчу менен ойногонго аргасыз болду. 53-мүнөттө Лионель Месси эсепти 2:1 кылып командасын алдыга чыгарса, 73-мүнөттө Гарет Бэйл айырмаланып, командасын жеңилүүдөн сактады.
Муну менен Испаниянын мыкты командаларынын беттеши 2:2 эсебинде жыйынтыкталды.
Эске салсак, "Барселона" футболдук клубу Испания биринчилигинин аягына 3 тур калганда турнирдик жадыбалда 2-орунда келе жаткан "Атлетикодон" 11 упай алдыга чыгып чемпиондукту камсыздаган.