Пакистандын ички иштер министрине ок атуу болду

Пакистандын ички иштер министрине ок атуу болду. Бул тууралуу пакистандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Пакистандын ички иштер министри Ахсан Икбалга Пенжаб провинциясындагы жолугушуу учурунда ок атуу болгон. Министр 6-майда өзүнүн туулуп-өскөн жери Наровал районуна барган кезде колуна ок жеген. Окуя болгон соң ал дароо ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, анын алган жаракаты өмүрүнө коркунуч туудурбайт.

Полиция кызматкерлеринин алдын ала берген маалыматы боюнча министрди аткан адам 20 метр алыстыкта туруп ок чыгарган. Кылмышка шектүү делип 20 жаштагы жаран кармалган.

.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан