Нигериянын Бирнин-Гвари районундагы Гваска айылында каракчылар ок чыгарып, 45 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 5-май күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:30да болгон. Анда Гваска кыштагына коңшу айылдан белгисиз адамдар келип ок чыгарып, кыргын салышкан. Натыйжада ондогон адамдар көз жумган. Мындан сырткары каракчылар бир нече үйдү өрттөп салышкан.
Белгилүү болгондой, азыркы тапта 500гө жакын ыктыярчылар дайынсыз жоголгон адамдарды издөөдө. Курман болгондордун саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин жергиликтүү полиция кызматы билдирген.