Португалияда "Евровидение-2018" эл аралык ыр сынагы старт алды

Португалияда "Евровидение-2018" ыр сынагы башталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Португалиянын борбор калаасы Лиссабон шаарында "Евровидение-2018" эл аралык ыр сынагы старт алды. Сынактын салтанаттуу ачылышына дүйнөнүн 43 мамлекетинен келген баш байге үчүн ат салыша турган ырчылар катышты.

Айта кетсек, бул жылы Орусиянын атынан ырчы Юлия Самойлова өзүнүн "I Won't Break" аттуу чыгармасы менен катышат. Ал 10-майда экинчи жарым финалда ырдайт.

Белгилей кетсек, "Евровидение-2017" сынагына Орусиянын атынан ат салыша турган ырчы Юлия Самойлованы Украина өз аймагына киргизбей койгон. Мындан улам Орусия сынактан баш тартып, кийинки жылы катыша тургандыгын маалымдаган.

"Евровидение-2017" сынагында тубаса жүрөк кемтиги менен ооруган португалиялык ырчы Сальвадор Собрал жеңүүчү аталган.

"Евровидение 2018" сынагы стар алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан