Бүгүн көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Биринчи Лигадагы беттештер менен уланат

Бүгүн, 7-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 9-Май - Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин алкагында Биринчи Лигадагы беттештер уланат.

Аталган мелдеште 4 команда Жогорку Лигада жана 6 команда Биринчи Лигада күч сынашууда. Жогорку Лигага өлкөнүн мыкты командалары "Достук", "Ынтымак", "Четинди" жана "Биримдик" командалары кирсе, Биринчи Лигага "Сары-Өзөн", "Көк-Жал", "Аафият", "Толкун", "Жаш-Күч" жана "Жаш-Тилек" командалары кирген.

Биринчи Лигада командалар "А" жана "Б" тайпаларына бөлүнүп, айлампа түрүндө ойноп жатышса, Жогорку Лигадагы командалар жарым финалдык баскычтан баштап, дароо финалга аттанган командаларды аныктады.

Кечээ, 6-майда орун алган беттештердин жыйынтыгында Жогорку Лигада "Достук" менен "Ынтымак" командалары атаандаштарын жеңип, эми 9-майда 1-орун үчүн күч сынашса, "Биримдик" менен "Четинди" 3-орун үчүн беттешет. Ал эми Биринчи Лигада биринчи күндүн жыйынтыгында "Сары-Өзөн" жана "Толкун" командалары каршылаштарын утуп, алгачкы упайларына ээ болду.

Бүгүн, 7-майда беттештер Биринчи Лигада уланат, анда "А" тайпасында "Көк-Жал" менен "Жаш-Күч" командалары беттешсе, "Б" тайпасында "Жаш-Тилек" менен "Аафият" командалары күч сынашат.

Биринчи Лиганын тизмеси:

"А" тайпасы:

"Сары-Өзөн";

"Көк-Жал";

"Жаш-Күч".

"Б" тайпасы:

"Аафият";

"Жаш-Тилек";

"Толкун".

7-майда боло турган беттештер:

11:00 "Көк-Жал" - "Жаш-Күч";

12:30 "Жаш-Тилек" - "Аафият".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан