Чүй облусунун Аламүдүн районунда жол кырсыгына кабылган жол тандабас унаа өрттөнүп кетип, 2 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Аламүдүн районунун Ленин айылында болгон. Анда жүк ташуучу унаа менен Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, жеңил унаа өрттөнүп кеткен. Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаада 4 адам болгон, алардын арасынан 45 жаштагы А.Б. аттуу адам жана анын 4 жашар уулу Б.Р. каза болгон. Ал эми жеңил унаанын дагы 2 жүргүнчүсү жаракат алышып, дарыгерлерге кайрылышкан.
Айта кетсек, буга чейин окуянын күбөсү Аламүдүн районундагы Ленин айылында Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаа күйүп кеткенин кабарлаган болчу.