Кыргыз жараны Өзбек жаранын жеңил унаанын жүк салган бөлүгүнө жашырып чек арадан алып өтүүгө аракет кылган

Кыргыз жараны Өзбек жаранын жеңил унаанын жүк салган бөлүгүнө жашырып чек арадан алып өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-майда Баткен облусундагы "Ак-Кыя" көзөмөл-өткөрүү бекетинде чек арачылар 32 жаштагы К.А. аттуу Кыргыз жаранынын унаасын текшерүүгө алышкан. Натыйжада ал унаасынын жүк салган бөлүгүнө Өзбек жаранын жашырып алып өтүп бара жатканы белгилүү болгон. Сурак учурунда Өзбек жараны анын көзөмөл-өткөрүү бекетинен өтүү үчүн керектүү документтери жок болгондуктан ушундай кадамга барганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Karakash
2018-05-07 12:04:49
Кылбаганын ушул эле калды эле. Ал Озбекстандын жаранын алып кирип алып эмне кылмаксын.Озунду эптеп журбопсун бироонун кылтагына илинбей.
+1
Shakek
2018-05-07 12:54:52
Машинанын маркасын жазбаптар матиз же тико болгонбу
0
Janibek_Mamytov
2018-05-07 15:48:34
Алып келип мал бактырайын дегендир, мүмкүн ылай иштерине иштетейин дегендир да....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан