Ош облустук соту "кайненесин өлтүрүп, башын кесип, денесин таштанды челекке ыргытып салган" деп соттолгон келиндин жазасын күчөттү. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облустук соту 11-апрелде "кайненесин өлтүрүп, башын кесип, денесин таштанды челекке ыргытып салган" деп соттолгон келинге жана анын эжесине карата өкүм чыгарган. Ага ылайык, негизги айыпталуучу А.У. 24 жыл 6 айга эркинен ажыратылса, эжеси К.А. 5 жылга эркинен ажыратылган. Соттун башка өкүмдөрү өзгөрүүсүз калтырылган. Жабырлануучу тарап Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылган эмес.
Эске салсак, Ош шаардык соту "кайненесинин башын кесип, денесин таштанды челекке ыргытып салган" деп шектелген келинди 20 жылга, анын эжесин 4 жыл 6 айга эркинен ажыраткан болчу.