ЖЫЛНААМА, 8-МАЙ: Чептей бекем сүйүүгө кабылып, эгиз балалуу болгон испаниялык белгилүү ырчы Энрике Иглесиас 43 жашка толду

Бүгүн атактуу испан ырчысы Энрике Иглесиас 43 жашка толду. Ал 1975-жылы 8-майда Испаниянын борбору Мадрид шаарында төрөлгөн.

Атасы - белгилүү ырчы Хулио Иглесиас, апасы - испаниялык журналист, белгилүү телеалпаруучу Изабель Прейслер. 1979-жылы атасы Хулио менен апасы Изабель Энрике 4 жашында ажырашып, ырчы атасы менен Американын Майами шаарына кетет.

1995-жылы ырчынын алгачкы испан тилиндеги “Энрике Иглесиас” аттуу альбому жарыкка чыккан. Бул жыйнак анын бала кездеги багуучусуна арналган. Аталган альбом эл жүрөгүнөн орун таап, алгачкы бир жумада эле жарым миллион даана сатылган. Альбомдогу “Сени сүйүү үчүн” деген ыры хитке айланып, Мексиканын “Марисоль” телесериалына саундтрек катары тандап алынган. Ушул иши үчүн “Эң мыкты латын артисти” наа­мы менен “Грэмми” сыйлыгына ээ болгон. Эки жылдан кийин “Жашоо” деген аталышта Энрикенин экинчи альбому чыгат.

Популярдуулукту багындырган Энрике Иглесиас ушундан кийин мыкты даярдалган концерттик программасы менен дүйнөгө сапар тартат. Кичинекей кезинен эле испан, англис жана португал тилдерин жакшы билгендиктен англис тилинде ырдай баштаган. Бир аз убакыттан кийин атасы Хулио Иглесиас жана Луис Мигель менен бирге “Сүйүктүү латын артисти” наамына ат салышкан. Бул жолу атасына орун бошотуп бергени менен кийин ушул эле наамдын үч жолку ээси болууга жетишкен.

Бир жылдан кийин кайра испан тилинде “Сүйүү куралдары” деген аталыштагы, дагы бир жыл өтпөй англис тилинде “Энрике” альбомдору сатыкка чыгат. Андагы “Бийлөө” ыры дүйнөлүк хит-параддан биринчи орунга ээ болгон. Ошентип атактуулукту багындырган Энрике Иглесиас Уитни Хьюстон жана Алсу менен ырдаган дуэттери камтылган “Качуу” альбомун чыгарат. 2001-жылы чыккан бул жыйнак дүйнөлүк рекорддордун баарын багындырып, андагы хит ырлары менен 16 өлкөдө 50 концерт коюуга жетишет. Кийин дагы бир “Грэмми” сыйлыгын алып келген испан тилиндеги “Мүмкүн” альбому болгон.

2003-жылы "7" деген альбомун жарыкка чыгарган. Ошол эле жылы атасы Хулио Иглесиас 77-альбомун чыгарган. Дүйнөлүк музыка сынчылары Энрикенин эмгегин 3кө баалап, атасынын ыр жыйнагын эң мыкты деп табышкан.

Актёр катары "Бир жолу Мексикада" ("Однажды в Мексике"), "Мен силердин апаңарды кантип жолуктургам" ("Как я нашёл вашу маму") жана башка тасмаларда ырчынын ролун жараткан.

2000-жылы атактуу испан ырчысы америкалык актриса Женнифер Лав Хьюит менен сүйүү мамилесин куруп, көп узабай эле эки жолго түшкөн. Ал эми 2002-жылы орусиялык теннисчи Анна Курникова менен клипке тартылуу учурунда таанышып калат. Алардын сүйүү романы үй-бүлө курууга жетип, 2017-жылы түгөйлөр Николас жана Люси аттуу эгиз балалуу болушкан.

"Грэмми" сыйлыгы менен 5 ирет сыйланган.

8-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Safiya91
2018-05-08 01:43:22
Жагат ушул ырчы.
+1
Pandora
2018-05-08 02:27:13
2007-2008жж бир ыры укмуштуудай моода болгонго,студент кезде жалан кыздар чогулуп калган кезде олло бийлейт эле да)))
0
abon
2018-05-08 11:50:01
Pandora,Ring my bells эмеспи ошол ыр))?
0
asha302
2018-05-08 14:23:46
Энрике Иглесиас мен сыйлаган ырчы. Ырлары көңүлдү көтөрөт жана башкалардан өзгөчөлөнүп турат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан