Трансформатор турган будкага кирип кетип күйүп калган кыздын абалы оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 4-шаардык оорукананын Травматология жана ортопедия улуттук илим изилдөө борборунун күйүк бөлүмүнүн дарыгери Асылбай Базакечев билдирди.
Анын айтуусуна караганда, ооруканага күйүп калып түшкөндөр 1 айдан ашык дарыланат.
"6 жаштагы Ш.М. аттуу кыздын эки колу күйгөн, абалы оор. Азыркы тапта ага бир операция жасалды. Кыздын абалы тууралуу башка маалыматты айтуу азыр эрте", - дейт Базакечев.
Айта кетсек, Бишкек шаарын Ленин районунда 6 жаштагы кыз трансформатор турган будкага кирип кетип оор жаракат алган.