Бишкекте чогуу арак ичип отурган адамга бычак сайып салган жаран кармалды

Борбор калаада чогуу арак ичип отурган адамдын далысына бычак сайган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 4-майда болгон. Анда милицияга шаардагы үйлөрдүн биринде эркек киши бычактан жаракат алганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Ал жерге барган милиция кызматкерлери моюн тарабына бычак сайылып жаракат алган жаранды табышып, ал ооруканага жеткирилген.

"Белгилүү болгондой, эки адам ичимдик ичип отурганда алардын ортосунда уруш чыккан. Мындан улам, шектүү жабырлануучунун далы тарабына бычак менен урган. Андан кийин анын алсыз абалынан пайдаланып, моюн жагына дагы бычак урган", - деп айтылат маалыматта.

Бул окуя боюнча кылмышка шектүү катары 46 жаштагы Е.В. аттуу адам кармалган. Ага карата кылмыш иши козголуп, сот тарабынан 2 айга камакка алынганы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
deva
2018-05-07 17:55:58
Дагы ичсин аздык кылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан