АКШнын Айова штатында түгөйлөр төрөлгөнүнө 2 ай боло элек кызын алып софтбол боюнча мелдеш көрүү үчүн оюн талаасына келишкен. Бирок ал жерден алар ойго келбеген кырсыкка туш болгондугун чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматта жазылгандай, оюн жүрүп жаткан учурда топ 7 жумалык наристенин башына келип тийген.
Маккенна Ховенга аттуу ымыркайдын баш сөөгү сынып, мээсине кан куюлуп кеткен. Учурда анын абалы оор бойдон калууда. Кыздын ата-энеси бул кырсыкка эч кимди күнөөлөй албай тургандыгын айтышкан.
Алардын айтымында, ошол учурда ымыркайдын апасы кызын эмизүүгө киришкен. Ал ыңгайлуураак отуруп алуу үчүн жай карап жаткан күйөөсү да, кызы менен алаксып жаткан апасы да топтун алар тарапты көздөй багытталганын байкабай калышкан. Кызды ошол замат ооруканага жеткиришкен.