Балыкчы шаарында жол тандабас 13 жашар кызды сүзүп кетти

Балыкчы шаарында 13 жашар кызды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 5-май күнү саат 17:30 чамасында Балыкчы шаарынын Фрунзе көчөсүндө болгон.

“Кара-Көл шаарынын 36 жаштагы Б.К. аттуу тургуну Лексус-570 унаасын башкарып бара жатып, көчөгө чуркап чыга калган 13 жаштагы Балыкчы шаарынын Т.М. аттуу тургунун сүзүп алган. Кызды айдоочу өзү ооруканага алып барып, биринчи жардам көрсөтүлгөн. Дарыгерлер анын жеңил жаракат алганын айтышкан. Азыр жабырлануучунун абалы туруктуу”, - деп айтылат маалыматта.

Анда кошумчалангандай, учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
abon
2018-05-08 11:40:01
атайлап урбайтта, кыз ОЗУ чуркап чыга коюптурго, и анан ОЗУ ооруканага жеткириптир, инсап бар экен
+1
lenin1870
2018-05-08 15:48:20
Озу жол танданбастар правиланы да тандабайт да встречный полосага да чыгышат айла жоктон жол бощотосун если кырсык болсо100% берки озунун жолунда кетпараткан куноолу болот
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан