Бүгүн, 8-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 9-Май - Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин Биринчи Лигасында финалга аттанган алгачкы команда белгилүү болду.
Биринчи Лиганын "А" тайпасында "Сары-Өзөн" менен "Жаш-Күч" командалары кез келген. Беттештин жүрүшүндө "Сары-Өзөн" командасынын оюнчулары атаандашынын тай казанына 12 улак таштап, "Жаш-Күч" командасына улак таштоого мүмкүнчүлүк берген жок.
Муну менен "Сары-Өзөн" командасы Биринчи Лиганын финалына өтүп, анын атаандашы "Б" тайпасындагы "Аафият" менен "Толкун" командаларынын беттешинин жеңүүчүсү менен беттешмекчи.
Биринчи Лиганын тизмеси:
"А" тайпасы:
"Сары-Өзөн";
"Көк-Жал";
"Жаш-Күч".
"Б" тайпасы:
"Аафият";
"Жаш-Тилек";
"Толкун".