Бүгүн, 8-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында кикбокс боюнча Азия чемпиондугу старт алды.
Аталган мелдеште Азиянын14 өлкөсүнөн келген спортчулар 6 категорияда күч сынашууда. Алар лоу-кик, фулл-контакт, К-1, кик-лайт, пойнт-файтинг жана лайт-контакт.
Спортчулар Иран, Ирак, Пакистан, Сирия, Таиланд, Малайзия, Тайбэй, Бириккен Араб Эмираттары, Тажикстан жана башка өлкөлөрдөн келишти.
Кыргыз курама командасына өлкөнүн мыкты спортчулары кирген. Алардын арасында кикбокс боюнча 2017-жылдын Дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков, 2016-жылдын Дүйнө чемпиону Уланбек Касымбеков, Азиянын 2 жолку чемпиондору Рустам Ибрагимов жана Чыңгыз Бегматов.
Азыркы тапта чейрек финалдык беттештер орун алууда, мелдештин расмий ачылышы бүгүн саат 16:00дө башталат.
Кыргыз спортчулардын атаандаштары:
Фулл-контакт
67 килограммга чейинки салмак ченинде:
Токтосун Исманов - Хайдер Алисмаил (Ирак)
60 килограммга чейинки салмак ченинде:
Элнура Айдарова - Сона Хайдари (Иран)
63,5 килограммга чейинки салмак ченинде:
Эрлан Талантбеков - Адай Абдулранбет (Иордания)
К-1
67 килограммга чейинки салмак ченинде:
Жаныбек Бейшенбек уулу - Мехди Моршеди (Иран)
71 килограммга чейинки салмак ченинде:
Сыргак Сагынбай уулу - Донгвон Гу (Кытай)
75 килограммга чейинки салмак ченинде:
Келечек Орозбек уулу - Ким Йонг Вон (Корея)
Пойнт-файтинг
63 килограммга чейинки салмак ченинде:
Чыңгыз Калбаев - Алишер Ахмедов (Тажикстан)