Кыргыздын жаш таланттары Казакстанда өткөн эл аралык фестивалда баш байгелерге ээ болушту

Кыргыздын жаш таланттары Казакстанда өткөн эл аралык фестивалда баш байгелерге ээ болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы билдирди.

Маалым болгондой, "Бактылуу элдин урпагы" деп аталган эл аралык музыкалык кароо-сынак Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Ага 5 өлкөдөн 3 жаштан 21 жашка чейинки 800 өспүрүм катышкан. Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн атынан П.Ф.Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин окуучулары 9 жаштагы Аяна Бакирдинова, 11 жаштагы Боогачы Наматбеков жана 13 жаштагы Нурсултан Аширалиев аспапта кол ойнотуу боюнча катышып, үчөө тең өз категорияларында баш байгеге ээ болушкан.

Ошондой эле балдарды сынакка алып барган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, жогоруда аталган музыкалык мектептин директору Гүлзинат Суранчиевага атайын ыраазычылык баракча менен төш белги тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан