ӨКМ: "Каухар" соода борборундагы өрт электр зымдарынын чукул туташуусунан келип чыгышы мүмкүн"

"Каухар" соода борборундагы өрт электр зымдарынын чукул туташуусунан келип чыгышы мүмкүн. Мындай оюн окуя болгон жерде иш алып барып жаткан ӨКМнын өрт өчүрүү бөлүмүнүн башчысы, подполковник Нурбек Самсалиев билдирди.

"Өрт өчүрүү кызматына билдирүү саат 11:33тө келип түшкөн. Алгач бир өрт өчүрүүчү унаа чыккан, анын артынан эле тепкичтүү өрт өчүрүүчү унаа өрт катталган жерге саат 11:46да келген. Азыркы тапта жалпы 4 өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат. Болжол менен 130 чарчы метр жери күйүп кеткен. Өрттөн жабыркагандар жок. Имараттагы өрт электр зымдарынын чукул туташуусунан улам чыгышы мүмкүн. Өрт эмнеден улам келип чыкканын атайын экспертизанын жыйынтыгы көрсөтөт", - дейт Самсалиев.

Айта кетсек, бүгүн, 8-майда "Орто-Сай" базарында жайгашкан 5 кабаттуу "Каухар" соода борборунун 5-кабатында жайгашкан медициналык борбордо өрт чыгып өчүрүлгөн.

"Орто-Сай" базарындагы "Каухар" соода борборунда өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munar1980
2018-05-09 06:10:51
Жакшы да Электир зымдары бар экен бизде не кечке эле бир шылтоо айта бересиңерби балким атайлап өртөөп жаткандыр жакшы текшерүү керек вибео көзөмөл ар бир кычыка койуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан